Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирип, алгач сүрөттөрүн, андан соӊ Оштон Бишкекке алып келген видеосун таратты. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Ал Оштогу терини кайра иштеткен заводун басып алууга шектелип жатат.

Анын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да кол түшкөн. Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты. 40 жаштагы депутат 2017-жылы Жк депутаты болгон. Октябрь окуяларында мыйзамсыз эле Ош шаарынын мэри боло калган. Бирок бир нече күндөн кийин кайра ал кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.Ал парламентте активдүү депутаттардын катарына кирбейт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here