— Баламын бетине кызылдар чыгып жатат.

— Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе. —

Баламын зоң заарасы жашыл болуп жатат.-

Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе.

— Баламда колика болуп жатат.- Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе.

— Балам чоң заарасы сары болуп жатат.- Баламын зоң заарасы жашыл болуп жатат.

— Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе.- Балам күнүнө 2 – 3 жолу чы*ат.- Балам 2 күндөн бери чы*а элек.

— Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе

— Балам түндө ыйлап жатат.- Эмне жедиң эле. Диета карма. Ар нерсени жей бербе.

🔷Бизде ушундай. Балада кандай өзгөрүү, көйгөй болбосун дароо энени күнөөлөйт. Бул такыр туура эмес!

🔷Баланын бетине чыккан кызылдар, балаңыздын богунун ар түрдүү болушу, колика ж.б. булардын баары сиздин тамактанууңуздан эмес урматтуу ЭНЕ. Бул нерседе өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Сиз эң мыкты, эң татыктуу, эң мээримдүү энесиз.⚕️Эненин тамактануусу ар түрдүү, азыктарга бай, калориялуу болуусу зарыл. Төрөткө чейин кандай тамактансаңыз, эмне тамактарды жесеңиз, төрөттөн кийин да ошол тамактарды жегени болот. Мөмө – жемиштерди, ШИРИНДИКТЕРДИ, эт тамактарын, камыр тамактарды да жегени болот жана ушундай ар түрдүү тамактануусу, мөмө – жемиштерди жеши керек.

❗Эскертүү! Бирок, эксперимент жасабаңыз. Төрөттөн кийинки учурда өмүрүңүздө эч жеп көрбөгөн жаңы нерсени жебей турганыңыз абзал.

⚕️Анда баланын бетиндеги кызаргандар, колика, түнү ыйлаганы, богунун жашыл, сары болуусу эмнеден десеңиз, бул көпчүлүгү баладагы нормалдуу көрүнүштөр. Көпчүлүгү чындап эле бир оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ар бир учурда текшерип, сураштырып, ошого карап диагноз коюлат жана дарыланат.

🙄Эгерде сизге жогорудагы учурларда сиздин тамактанууңуздан десе, анда балким көрүнүүгө башка дарыгер тапканыңыз туура деп ойлоймун.🎯Бул пайдалуу маалыматты жаңы төрөгөн жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар😊. Башка адамдарга жетикириңиздер!Сизге дары кеңештерди берген сиздин дарыгериңиз – Нурсултан Жапаралиевич Дуйшеев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here