Активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Бакай Кашкарбаев деген ат менен «Facebook» колдонуучусу сотторду жана прокурорлорду коркуткан. Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, бул колдонуучу Бакай Кашкарбаев аттуу активист болуп чыкты.
https://www.youtube.com/watch?v=6BJsTvoB83A
Көзөмөлдөө органынан билдиришкендей, ал мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата агрессивдүү сын-пикирлерин билдирип келген. 2020-жылы 15-ноябрда Кашкарбаев жана башка адамдар Чолпон-Ата шаарына барышып, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысын коркутушкан
https://www.youtube.com/watch?v=6BJsTvoB83A
«Активист элди көтөрүлүшкө үндөп, «Башын кесиш керек!», «Жанчыш керек!», «Тишиӊерди талкалайбыз!» «Көзүӊөрдү чукуш керек!», -деген чакырыктарды тараткан. Ушул чакырыктардын жана коркутуулардын бардыгын Кашкарбаев видеого тартып алган»-, деп айтылат маалыматта.
Эртеси күнү активист Ысык-Көл райондук сотунда тартипти бузуу менен райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнө басып кирген, сот органдары менен кайым айтышып, судья Т.Жумаев менен жолугушууну талап кылып жатканы ачык-айкын көрсөтүлгөн видео жарыялаган.
«17-ноябрда Каракол шаарында Кашкарбаев бир топ адам менен Каракол шаардык сотунда тартипти бузган. Активист өз сөзүндө Ысык-Көл облустук сотунун судьясы А.Апышевге жана облустук прокуратуранын бөлүм башчысы А.Нышановго карата ачык коркутууларды билдирген», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Кашкарбаевге каршы 2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 355 беренеси «Мамлекеттик кызматкерге карата коркутуу же кысым көрсөтүү» менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.