Кезектеги «Улуу мурас» рубрикабызда Кыргыз Эл артисти Жумабай Кыпчаков кыргыз элинин залкарларын эскерип, кызыктуу окуяларды айтып берет.

-Жумабай ата, канча жашка келдиңиз?

-Быйыл 11-сентябрда туура 85  жашка толом. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы.

— Баскан жолуңузга, баалуу эмгегигиңизге саресеп салсак…

— 1944-жылы кадимки Шубин согуш жүрүп жатканына карабай оркестрде жогорку бийликтен кадрларды жаңыртууга уруксат алыптыр. Ошентип, ал: Насыр Даблесов, Калый Молдобасанов, Чанай Жумакматов, Таштан Эрматов, Шейше Ильясов, Ырысалиева, мени ж.б.  тандап алып, азыркы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда оркестрге окутту. Ошол жерде окуп жүргөндө: “филармонияга барып иштейсиңер, азыр бул жактан 400 грамм нан жесеңер, ал жакка барганда 500 грамм жейсиңер”  деп айтышты. Ошентип   филармониянын оркестринде жалпысынан 50 жылдан ашык эмгектендим. 1995-жылы  карылыктын айынан  “духовой” аспапты үйлөй албай алганда, филармониянын музейинин директору болуп жүрдүм. Ак таңдайлардан: Карамолдо Орозов, Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Молдобасан, Ыбрай Туманов, Осмонкул Бөлөбалаев, кийин келишкен Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиевдер менен, ырчылардан Муса Баетов, Атай Ооганбаев, Мыскал Өмүрканова баштаган залкар ырчылар менен иштешип калдым. Мен филармонияга келгенде Мыскал эжелердин даңкы таш жарып, жалпы эл анын талантына суктанып турган кези эле.

Бул кишилердин ырдаганы өзүнчө эле кичинекей спектакль болчу. Согуш бүтүп, турмуш жакшыргандан баштап, биз кыргыздын залкарлары  поезддин эки вагонун айлап ижарага алып, Советтер союзунун бир топ жерлерине концерт коюп, кыдырып кетчүбүз.  1958-жылы жогоруда аттарын атаган залкарлар менен Москвада өткөн экинчи декадага барып катыштым. Ал декадага мен билгенден Ворошилов келген эле. Ал декада укмуш чоң ийгилик менен өтүп, тарых барактарында жазылып калды. Мына азыркы ырчылар, үнү бары деле, үнү жок деле  эки ырдап коюп, “жылдызбыз” деп төш кагып жүрүшөт. Чыныгы жылдыздар, чыныгы ырчылар  Мыскал эжелер болчу. Ал киши ырдап жатканда, угуп жаткандар демин ичине катып, унчукпай калчу. Өзүнүн сыйкырдуу үнү менен көрүүчүлөрдү арбап алчу. Союз учурунда СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн баарын, андан тышкары: Францияда, Италияда эки жолу, Румынияда, Сауд Арабияда, Йемен ж.б. өлкөлөргө концерт коюп кыдырып чыктым.

-Залкарлар тууралуу кебиңизди улантсаңыз….

— Кайран кишилер, баары өтүп кетишти. Баары тең кайталангыс керемет эле го. Мен бир кызыкты айтып берейин. Филармониядагы архивинен биздин кайталангыс залкарларга тиешелүү 1936-жылы жазылган документ таптым. Ал документ 41 адамды кыргыз музыкалык аспаптарын өздөштүрүү, үйрөтүү, жайылтуу ж.б. буйрук боюнча  экен. Ал тизмеде биринчи болуп Карамолдо Орозов турат, анан Калык, Алымкул, Осмонкул, Шаршен, Ыбрай, Чалакыз ж.б. бар. Алардын айына ала турган айлыктары да кошо жазылган экен. Карамолдонун бир айлыгы 450 рубль экен. Ал кезде анча акча абдан чоң сумма болчу. Муса Баетовдуку 600 рубль. Ал солист катары баарынан көп алса керек.  Башкалардыкы деле 400дөн  кем эмес экени жазылып турат.  Карамолдонун таланты укмуш болчу да. Бекер жеринен “Комузчунун жеткен жери Карамолдо, күүнүн жеткен жери “Сынган бугу” –деп айтылып калбаган. Бул кепти мен Саякбай, Молдобасан агалардан угуп калдым.

Карамолдо болуп турган кезинде кадимки Мураталы Күрөңкеев “Сынган бугуну” чертип берген экен. Ошондо комузда кол ойнотконуна баа берген Мураталы аксакал: жогоруда айткан: “Комузчунун жеткен жери Карамолдо, күүнүн жеткен жери “Сынган бугу” деп айтып, анан: “Экинчи мен бул күүнү чертпейм. Мындан ары сен чертип жүр” деген дешет. Карамолдо1960 –жылы өтүп кетти. Саякбай аксакал Карамолдо менен абдан ынак эле. Ал өлгөндө күйүп “Карамолдо”  деген поэмасын жазды. Ал китеп болуп чыккан, эми окусаң сонун. Ошондо оркестрде Асанкан Жумакматов жетектеп калды. Ал киши жогорку жакка сунуш киргизип, талап кылып жатып, Карамолдонун ысымын оркестрге ыйгарууга чоң салым кошту. Ошондой эле Карамолдонун; “Насыйкат”, “Ибарат”, “Терме Камбаркан” ж.б. күүлөрүн, андан тышкары Токтогулдун, Ыбырайдын чыгармаларын да кайрадан иштеп чыкты. Деги эле кыргыздын эски күүлөрүнүн баарын элдик симфонияга биринчилерден болуп салып, сактап алып калды.

-Азыркы ырчыларга, оркестрдин деңгээлине кандай баа бересиз?

Мен  эстеп, сөз кылган залкарлар бир жаралган инсандар экен. Азыркылар алардын деңгээлине жете бербейт. Бирок башка жаман иштерге кабылбай, ырчы болуп жүргөнүнө ыраазымын. Ырчылардын арасында мыктылары бар. Бирок акыркы учурда жасалма, үнү жок ырчылар абдан көбөйүп кетти. Атай, Муса, Мыскал өңдүү  ырчылардын ырын уксаң, дене-боюң балкып, өзүнчө эле жыргайсың. Сөздөрүнүн маанилүүлүгүн, обондорунун мукамдуулугун, кереметтигин айт. Азыркы ырчылардын көбүнүн обонуна сөзү, сөзүнө обону шайкеш келбейт. Сөздөрүнүн мааниси жок, тантык. “Мен келдим, мен кеттим, мен сүйдүм, мен өлдүм, таппай калдым, жоголуп кеттим, алдап кеттиң, алдап кеттим” деген болбогон сөздөрдү эптеп ыр кылып жазып ырдап жатышат. Тилди да бузуп жатышат. Аларды тыйган киши жок. Көбү акындар менен иштешпей калды.

Дагы бир жаман жери элге таанылып калган көп ырчылар өздөрүнүн келбетин да тыңдап карай албайт. Мисалы, Тойгонбаева деген ырчыны айтат элем. “Ушул келбетим менен эл алдында кантип ырдайм” деп ойлоп коюшпайт экен да. Иманалиева деген ырчы “Күйдүм чокту” секирип,бийлеп ырдайт экен. Тим эле жыргап атат, өзүнчө эле.  Ырдын маанисине жараша ырдаса болбойбу. Айтор, айта берсе сөз да, арман да көп. Анда-санда концерттерге барып, көрүп калып жатам. Сөз башында айттым го. Өткөндө Токтогулдун 150 жылдыгына арналган концертти көрдүм. Баары жакшы болду. Бирок концертти үч жарым  саатка чейин созуп, элди эзип, чарчатып жиберишти. Бүтө элек деле эл чыгып тарай баштады. Ушундай да болобу? Концерттин маңызы чыгып кетет да.   Концерт деген мынчалык узак болбош керек, ашып кетсе, 2 саатка жетпей бүтүп, суктанып көрүп олтургандарды “каап аттиң, ырдай түшсө, болбойт” беле деп суктанткан бойдон бүтүрүш керек эле да.

Мындай кемчиликтер бара-бара жоюлат го дейм ойлойм. Бирок кандай болгон учурда да өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлсө экен. Себеп дегенде, маданиятка болбогон эле акча бөлүп жатышпайбы. Кудайга шүгүр кыргыз улуттук консерваториясы жакшы таланттарды таптап чыгарып эле жатат. Ал жакты бүтүп келгендер Опера жана балет театрына, же филармонияга солист болуп барышат да, болбогон айлыкка жалданып иштешет. Бир бою тырбалаңдап ырдап жүрүп колуна болгону 3-4 миң сом алышат экен. Ал айлыгы жолу менен тамагына толук жетпей калат. Мамлекет башчыларыбыз маданияттын ушундай чоң көйгөйлөрүнө көңүл бурса жакшы болот эле да. Мен Болот Миңжылкиев баштаган тандалма ырчылар менен 1980-жылдары Францияга бардым. Француздар бизге таң калып: “Биз билгенден СССРдин артисттери менен врачтары эң аз айлык алып жашашат.  Бизде жөнөкөй жумушчулар 3,5 миң франк айлык алышат, врачтар менен мугалимдер 6 миң франк алышат. Анткени врач дагы, мугалим дагы адамдардын өзү менен түздөн-түз иштешет. Бирөөсү окутса, бирөөсү дарылап адам кылып жатышат да ” деп айтса биз абдан таң калдык. 6 миң франк деген эмне деген акча деп абдан таңкалдык. Бизге Францияга барганда 450дөй франк берди, ошону менен кыдырдык, баарына жетип берди. Ошол кезде мен оркестрде иштеп 1000 рублден кем алчу эмеспиз. Ошол акча, турмушубузга кенен жетип берчи. Ошондуктан, таланттуу адамдарга биринчи кезекте жашоосуна шарт түзүп бериши керек. Анан алар жан дили менен иштеп берет.  Маданият министрлигинин эмнени кыйратып жатканын деле айта албайм. Аны да бир кезде жоюп жиберишип, спортко башкасына кошуп, өзүнчө эле ары бери тарткылап жатышты. Азыркы министрлик мурункудай иштеп кыйратканын көрө элекмин.

-Мамлекет эмгегимди толук баалады деп эсептейсизби?

— Мен мамлекетке эч догумду деле артпайм. 1970 –жылы “Эмгек сиңирген артисти”, 1986-жылы “Кыргыз СССРнин эл артисти” деген наамдарды, грамота, медалдарды  алдым. Өткөндө филармониянын директору: “Быйыл 85 жылдыгыңызды белгилеп коёлу” дейт. Мен анчалык убара болбогула, нааразы болбойм” дедим. Буга чейин деле юбилей өткөзүп, дүңгүрөткөн эмесмин.

-Үй-бүлө, бала бакыраңыз тууралуу учкай айта кетсеңиз?

— Эки кызым, бир уулум, 5 неберем бар. Улуу кызым Айнура көп жылдан бери Шубин атындагы музыкалык мектепте иштейт. Экинчиси Арабияда музыкадан мугалим болуп жүрөт. Байбичем 35 жыл балдар врачы болуп пенсияга чыккан.  Кудай берген жашты жашап келатабыз. Нааразычылык, андай деле арманыбыз жок. Элибизде ар дайым тынччылык, токчулук болсун. Мамлекетибиз өсүп-өнүксүн!

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

PS: окурмандардын эсине: бул маек 2014-жылы «Фабула» гезитине жарыяланган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here