Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик окуу жайдын директорунун кызмат ордун соттон утуп алган ырчы Самара Каримованы мугалимдер жамааты кабыл албай жатат.

14-январда окуу жайда Каримова катышкан жыйын болду. Мугалимдер жамааты Самара Каримованын талантын сыйлап, чыгармачылыгын баалашарын белгилешти, бирок буга чейин иштеп келген директор Нурлан Каримов ордунда калышы керектигин айтышты.

Самара Каримова соттун чечими ушундай болгонун айтып, мыйзамдуу кызмат ордуна кайтып келатканын билдирди. Ал 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн коштоосунда келип, иш баштай турганын белгиледи.

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы окуу жайда 93 киши иштейт, 229 студент окуйт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

Ырчы министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 

Музыкалык окуу жайда Самара Каримова катышкан жыйын, 14-январь, 2021-жыл - Ош.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here