Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө таратты. Анда кабарлангандай, шаардык сот 14-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 033 700 (1 миллион 33 миң 700) сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Сот чечимине ылайык, Сайпидинов Савай айылындагы үйүнөн тышкары чыгууга укугу жок. Ошондой эле тергөө учурунда суракка биринчи чакыруу менен келүүгө милдеттүү. Мунун баарына Ош шаардык милициясы жоопкер, ал эми анын жетекчиси көзөмөл кылууга тийиш.

Ошондой эле маалыматта шаардык сот Мунарбек Сайпидиновдун Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча шек саналып, кармалганы мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканы жазылган.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалган.

УКМКнын маалыматында Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Ош шаардык соту 12-январда Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевди да үй камагына чыгарган. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Ош шаарындагы менчик ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткан. Тургунбаев Сарай айыл өкмөтүндөгү Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөн, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген деп шек саналган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here