Facebook компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди.

Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган Facebook социалдык тармагындагы 193 аккаунтту, 246 баракчаны, 50 топту жана 30 Инстаграм аккаунтту камтыган түйүн жок кылынган.

Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунун комментарийлеп, жаңылыктарга багытталган баракчаларга билдирүүлөрдү жарыялап келген түйүн өчүрүлгөн. Ага «Фейсбуктагы» 92 аккаунт, 11 топ, төрт баракча жана “Инстаграмдагы” 30 аккаунт кирчү.

Ошондой эле Facebook өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен «Медиа центр» деген медиакомпанияга жана мурда-кийин маалымат каражаттарында, өкмөттө иштеген адамдарга тийиштүү түйүндү да жок кылган. Ага «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунт камтылган болчу. Бул аккаунттар былтыркы парламенттик жана 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн маалында бир канча саясий тарапка иштеп, ишмердүүлүк жүргүзгөн.

Facebook компаниясы ушул эле баяндамасында Кыргызстандан башка Иран, Украина, Марокко, Казакстан, Аргентина, Бразилия, Индонезия жана Орусия өлкөлөрүндөгү жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды өчүргөнүн билдирген.

Фейктер же троллдор — социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптоолорду таратат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here