Башкы прокуратура Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги соңку эки жылда 7 290 366 сом зыян келтиргенин билдирди.

Бул тууралуу кабарды аталган мекеме өзүнүн порталына жайгаштырды. Анда белгиленгенге караганда агентиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Натыйжада текшерүүчүлөр агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптары бузганы, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнү жана башка кемчиликтерин аныкташкан.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин директор болуп 2020-жылдын 13-ноябрынан бери Динара Кутманова дайындалган. Жакында аталган мекеменин жамааты Кутмановага каршы акцияга чыгышкан:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here