«Улуу мурас» рубрикабызда бүгүн Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 2014-жылдын февраль айында журналист Айбек Шамышкеевге кыргыз элинин маданиятын өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкуп кетишкен айтылуу инсандарды, анын ичинен өзгөчө Кыргыз ССРинин Эл артисти Мыскал Өмүрканованы жана Кыргызстандын таланты менен өзгөчө айырмаланган 6 аванчыны (обончу) тереӊ айтып берген өздүк тасманы жарыялайбыз.

Ошондой эле, Турсунов өзү 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз маданиятынын 10 күндүк декадасына катышып, анда орус элине өз өнөрлөрүн тартуулашып, тамшандырган кыргыз залкарларына кызмат өтөп, бата алганын, алардын эмгегин, кыял-жоруктарын да айтып берген. Маркум Э. Турсунов айтып берген бул кыргыз маданиятындагы тарыхый окуялар сиздин көкүрөгүӊүздү ачып, жан дүйнөӊүзгө руханий азык тартуулайт.

Эске сала кетсек, Э. Турсунов 2014-жылдын июнь айында 79 жашында каза тапкан. Эрнис аганы эл тирүү кезинде: «Арабызда басып жүргөн тирүү энциклопедия»деп атап келишкен. Себеби, ал кандай гана окуяны, бир инсанды айтса өтө элестүү жана так айтат эле…

PS: Бул өздүк тасма окурмандарга биринчи жолу чыгып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here