Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору С. Б.га кол салынып, бытырадан алган жаратынан райондук ооруканага жеткирилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 12-январдан 13үнө оогон түнү, саат 01:10 чамасында болгонун, милициянын кенже лейтенанты С.Б. Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган кезде ага бейтааныш жаран кол салганын маалымдады. Шектүү автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16-калибрдеги кош найлуу куралынан капысынан ок аткан. Натыйжада Б.С.нын эки далысынын ортосуна 7-8 чачма ок тийген. Ыкчам тергөө тобу барган учурда дагы бир милиционер Д. К.га артынан белгисиз бирөө атып жиберген. Ал табелдик куралы менен ок чыккан тарапка аткан кезде бейтааныш адам качып кеткен.Жарадар болгон милиционерлер райондук ооруканага жеткирилген, алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми бул окуя боюнча Жазык Кодексинин 39-беренеси («Кылмышка аракеттенүү»), 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен бирдиктүү реестрге катталган. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө амалдары жана шектүүнү аныктап, кармоо аракети жүрүп жатат.

Бул окуяга байланыштуу райондо «Перехват» операциясы киргизилип, тиешелүү жерлерге посттор орнотулду

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here