УКМК буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн эле. Бүгүн суракка чакырып, 48 сатка камаганы белгилүү болду. Ага Кызмат абалынан кынаттык менен пайдалануу беренеиси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейинки тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылгандыгы айтылган. ошондой эле. УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ боюнча Жазык кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» деген 248-беренесинин негизинде иш козголуп, «криминалдык элементтердин облустагы коомдук-саясий абалга таасир этишине жол бербөө, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу» иши жүрүп жатканын билдирген.

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов буга чейин үйү жана иш бөлмөсү тинтүүгө алынганын айтып, «саясий куугунтук кылып жатышат» деген, бирок кимдин куугунтугу экенин ачык айткан эмес.

Ал Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Сайпидинов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here