Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышкан элдин дээрлик 80 пайыз добушун алып, Кыргызстандын алтынчы президенти болуп шайланды. 30 жыл ичинде бир талапкерге мынчалык күчтүү колдоо болгон эмес. Жапаровдун жеӊишин жалпы кыргыз эли жана дүйнөнүн Казакстан, Россия, Америка баштаган мамлекеттеринин башчылар да куттуктап, жүрөктөн чыккан калоо — тилектерин айтып жатышат. Ал эми карапайым адамдан тартып, мамлекет үчүн өмүр бою ак кызматын арнап, тынымсыз иштеп келаткан инсандар да Жапаровду жана аны президент катары тандап алган элди куттукташууда.

Куттуктоо жазгандардын арасында элибиздин айтылуу уулу Талант Узакбаев да бар. Талант Макишович Жапаровду жакшы билген адам катары төмөнкүдөй ак тилегин жазды:

Улуу урматтуу Кыргыз эли! Бүгүнкү улуу жеңишиңиздер менен куттуктайм!!!Акыркы жаңы тарыхыбызда,биринчи сапар өзүбүз шайладык. Ичибиз оорубай, алданбай шайлаганыбызга көзүбүз жетти, ишендик, ынандык. Баарыбыбыз үчүн — бул келечекке үмүт отун жандырды, кыргыздын келечеги бар экенинен белги берди. Садыр турмуштун ачуусун, таттусун көрдү, байлыктын эч нерсеге татыбасына көзү жетти. Садырдын байлыгы— бул эли, жери- мындан өткөн дөөлөт, бакыт, байлык барбы? Ишенебиз — бир гана элине, жерине бүт өмүрүн арнайт деп, Аллах ден соолук берсин!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here