Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активистти кармады.

УКМКнын маалыматында: 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү башталгандыгы айтылат..

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Жыйынтыгында ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here