«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экен. УКМК 9-январда маалымат таратып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активист кармалганын билдирген. УКМК берген «М.А.» жана «У.Д.» деген инициалдар Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин (ред: орус тилинде Улан Джураев) аты-жөнүнө туура келет.

УКМК алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесине шек саналып кармалганын кабарлаган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын айткан. Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин өткөн айда Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген. 

Аспеков буга чейин маркум Чыныбай Турсунбековдон да арак заводунун маселеси боюнча акча талап кылганын өзү айтып чыккан…

тектеш макала: https://chagylgan.kg/2019/12/04/%d1%87%d1%8b%d0%bd%d1%8b%d0%b1%d0%b0%d0%b9-%d1%82%d1%83%d1%80%d1%81%d1%83%d0%bd%d0%b1%d0%b5%d0%ba%d0%be%d0%b2-%d0%b0%d1%81%d0%bf%d0%b5%d0%ba%d0%be%d0%b2%d0%b4%d1%83-%d0%bc%d0%b0%d0%b3%d0%b0-%d1%82/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here