Чагылган. кж: Жумгал районунда, так айтканда Чаек айылында жеке ишкер Адылгазы Исагулов чакан сүт заводун ачты. Ал сүттү жергилктүү элден сатып алып, талапка ылайык кайра иштетип: заман талабы менен кагаз баштыктагы сүт, каймак жана айран чыгарып жатат. Aталган сүт азыктары «Көчмөн азыгы» деген аталыш менен сатыкка чыгарылды. Экологиялык жактан бул азыктар 100 пайыз талапка жооп берет. Бул боюнча маалымат алуу үчүн жеке ишкер Адылгазы мырзага кайрылдык.

Адылгазы мырза, борбордон алыс жайгашкан райондо мына ушундай сүт заводун ачууга эмне түрткү болду?

-Союз учурунда Чаекте «Масло завод» бар эле. Кийин анын имараты «Жумгал суу курулуш» ишканасына өткөн. Ошол илгерки заводду бир аз болсо да жандандырууну мындан бир канча жыл мурун эле максат кылганбыз. Бирок ал жылдары бизге талап кылынган сүт табылбай, ишти баштай албай калганбыз. Кудай буйруса, жакшы иштетип кетсек, бара-бара суроо -талап чоӊ болот деген үмүттөбүз.

-Бул заводду ишке киргизүүгө канча убактыӊыз жана каражатыӊыз кетти? Башка тараптан да колдоо болдубу?

-Жалпысынан алганда эки жылдай убактыбыз кетти. Ал эми каражат жагын айтсак, 110 миӊ доллардан ашуун акча сарпталды. Биз бул заводду куруу боюнча АРИСке долбоор жаздык эле, ал жактан колдоо болуп, 50 миӊ доллар бөлүп беришти. Калган 63 миӊ долларды «Жумгал суу курулуш» ишканасы таап, курулушка тендер жарыяланган. Тендерди казактар утуп алышып, толук куруп беришти. Бирок биз ал учурда технологияны жакшы түшүнбөй, заводду кичинекей, чакан кылып салып койгон экенбиз. Азыр тар болгону кадимкидей сезилип калды. Учурда район боюнча кыдырып, сүттү 20 сомдон сатып алып жатабыз. Бирок азырынча Жумгалдан чыгарган товарыбыздын сатыкта өтүшү кыйын болууда. Себеби, айылдарда сүт, каймак шаар жерине караганда кененирээк да… Шарттарыбызды жөндөп алсак, буйруса, жакынкы мезгилде башка райондорго, борбор шаарга да чыгаруу ниетибиз бар.

Ушул тапта райондо сүт кыш мезгилинде аз болуп жаткандыгына байланыштуу күнүгө 200- 250 литрге чейин сүттү кайра иштетүүдөбүз. Сүттүн жана айрандын эки түрүн (пайызы көп, пайызы аз), ошондой эле каймак чыгарып жатабыз. Негизи бул заводдун бир күндө 1 тоннага чейин сүттү кайра иштеткенге күчү жетет. Азырынча заводдо 5 адам эмгектенип жатат. Өндүрүп жаткан сүт азыктарыбызга «Көчмөн азыгы» деген накта кыргызча ат бердик. Себеби, ата-бабабыз байыркы мезгилдерден тартып, кийинки мезгилге чейин көчүп конуп жашап, көчмөн жашоодо жашап келишкен. Ошол илгерки мезгилден тарта эле мал, анын ичинде уйдун сүтүнөн жасалган азыктар ата-бабаларыбыздын негизги тамагы болуп келген. Азыр дагы ошондой. Бирок ар ким колунан келишинче ар кандай деӊгээлде жасап жатышпайбы. Биз болсо эӊ башкысы сапатка басым жасап жатыбыз. Кандай болгон учурда да сапатына кепилдик беребиз.

Демек, келечекте чоӊойтууну максат кылып жаткан турбайсызбы?

-Кудай буйруса, суроо-талап болуп турса, чоӊойтолу деген оюбуз бар. Бул заводду чоӊойтуу үчүн ЮСАИДке долбоор жазганбыз. Азыр дагы жакшылап жазганга аракет кылып жатабыз. Себеби, аталган эл аралык уюм ушундай элге керектүү долбоорлорду колдоп, Кыргызстандын экономикасына салым кошуп келатканын жалпы эл жакшы билет. Ошондуктан биздин бул долбоорубузду дагы колдоого алышат деген үмүтүбүз бар. Себеби, борбордон алыс жайгашкан тоолуу райондо эл үчүн жумуш өтө аз, элдин баары эле дыйкан чарба, мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Заводубуз жакшы иштеп кетсе, биз да райондон ондогон адамдарды жакшы айлык коюп берип, туруктуу иш менен камсыз кылып турсак деген аруу тилегибиз бар. Элет жеринде жумуш жок. Мамлекеттин экономикасын көтөрүү үчүн ар бир айылдар чакан болсо да ар кыл тармактагы ишканаларды ачуу мезгил талабы болуп турат. Ар ким колунан келген ишти акырындык менен жасай берсе, өзүнө дагы, элге дагы пайда келтирет.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here