Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 7-январь күнү коррупцияга шек саналып кармалды.

Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта Мамыркалиев учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.

Финпол азырынча Мамыркалиевдин кармалышы боюнча кенен маалымат бере элек. Өткөн жылы Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Бишкек-Ош” мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шек саналып кармалганы кабарланган.

Алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген магистралдагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан түшкөн каражаттын чыныгы суммасын жашырган деген шек менен кармалышкан. Финпол мындан мамлекетке келтирилген зыян 20 млн. сом деп баалаган. Ал бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here