Өзбекстандын Наманган облусунда аракка ууланып беш киши каза болгону маалым болду. Өзбек ЖМКлары алар Кыргызстанда чыгарылган аракты ичишкенин жазып чыгышты.

Окуя Жаңы жыл майрамынын алдында Төрөкоргон районунда болгон. Аракка ууланды деген 13 киши ооруканага жеткирилген. Райондук прокуратура кылмыш ишин ачып, иликтөө баштады.

Аракка ууланып көз жумгандардын жаш курагы 36дан 52ге чейин.

Райондук ооруркананын башчысы уулангандардын алтоо сакайып үйгө чыгарылганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here