УКМК экс — премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызмат 7-январда маалымдады. Расмий кабарга ылайык, Бабанов УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында фигурант катары өтүүдө. Маалыматта: «Белгиленген кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалымдалып турат» деп айтылат. Бирок ал кайсы кылмыш иштери экени тууралуу ачык айтылган жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here