Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүп жатканы боюнча маалымат таратты. Маалыматта: ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы айтылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган деп шек саналып жатат. УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген.

Окуӊуз: тема боюнча:

«Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналууда.

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы 2016-жылы маалым болгон жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган.

Окуӊуз: тектеш макала…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here