Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая-Поляна айыл аймагынан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Сүйүү-Таш көпчүлүктү кызыктырып келет. Сүйүү-Таш, башкача айтканда Кулаган-Таш Жети-Өгүз районунун энциклопедиясына камтылган.

Кулаган-Таштын жанында мажүрүм тал бар. Кулаган-Таш Светлая-Поляна айылынан 3 чакырым алыстыктагы Сүттүү-Булак ойдуңунда, Жууку суусу менен Кашка-Суу кошулган жерде, Сүттүү-Булак суусунун боюнда жайгашкан.Таштын диаметри болжол менен 10 метрди түзүп, үйдөй болуп көрүнүп турат. Бул жер көпчүлүк үчүн мазар катары белгилүү.

Эл оозунда айтылып келген уламышка караганда, сүйүшкөн эки жашка кыздын атасы каршы чыгып, кызын байдын баласына берүүгө аракет кылат. Атасынын каршы экенин жакшы билген кыз сүйгөн жигити менен алыска кетүүнү чечет. Баланын ата-энеси, жакындары болбогондуктан Нарын тараптагы атасынын бир туугандарына качууга белсенишип, кыз менен жигит бир күндү болжошот. Жигит жалгыз атын даярдап, болжошкон күнү качып жөнөшөт. Бирок, күн жаап туруп алат. Жамгыр басылбай жаагандыктан кыз-жигит ташка жашынып турууга аргасыз болушат. Ал ташка чагылган тийип, таш ордунан козголуп, эки жашты басып калат. Жергиликтүү эл, кыздын атасы менен туугандары жаан басылганда келип, таштын астында калган кыз-жигиттин кийимин көрүп, жерди казып, алардын сөөгүн алып чыгышат. Андан кийин ошол таштан өтө деле алыс эмес жерге кош мүрзө кылып жерге беришет. Кызына кейиген атасы көзү өткүчөктү өзүн күнөөлүү сезет.

Эки жазыксыз жаштын өмүрүн алган бул жердин аты ошол боюнча Кулаган-Таш же Кыз-Күйөө мазары деп аталып калган экен. Бул уламышты билгендер ушул жерден атайын токтоп, Куран окуп кетишет. Алардын айрымдары үндөр угулгандай болорун айтышат.https://www.turmush.kg/news:422103

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here