Сузак районунда зордукталып боюна бүткөн өспүрүм кыздын энеси райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында өзүн өрттөөгө аракет жасап, милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Ал шектүү катары кармалган жолдошу кызын зордуктоого барбаганын, Ү. аттуу жаран зордуктаганын айтууда. Ал эми милиция кыздын энеси шектенип жаткан жаран тергөөдө аныкталбаганын, кыз өзү милицияга арыз жазгандан кийин үйүндөгү өгөй атасы менен жыныстык катнашта болгон төшөк экспертизага берилип, жыйынтыгында дал ошол төшөктө калган калдыктар кармалган атасына таандык болгону далилденгенин билдирди. Окуянын чоо-жайы боюнча тараптардын пикирин аймактык кабарчы сурап көрдү.

Сузак районунун тургуну Ж.Гүлсарахондун айтымында, быйыл 15 жашка толгон кызы 13 жашында зордуктоого кабылган. Секелек кызы менен ушул эле райондогу Ү. деген бала жыныстык катнашта болуп, кызынын тагдырын талкалаганын, бирок ал жазага тартылбай жатканын айтат.

«Кызымды Ү. кызыл «Тикосу» менен алып кетип, зордуктап койгон. Мен ал баланын үстүнөн 2019-жылдын башында арыз жазгам. Дале жоопко тартылбады. Баланын ата-энеси үйүмө келип, «келин кылып алалы, тосмо арыз жаз» дешти. Бир унаанын ачкычын жана 75 миң сом акча сунушташты. Мен алардын тыйынын алуудан баш тартып, урушуп жолго салгам. Унаадан, акчадан кызымдын тагдыры бийик турат. Мыйзам алдында жооп берсин дегем. Ал бала камалбастан жолдошумду камап салышты. Балдарымды ким багат? 140 сом акчам калды. 5 баламды кантип багам? Мага акыйкаттуулук керек. Кызыма атасы тийген эмес. Үнүмдү уга тургандар барбы деги? Атасынын үстүнөн менин бир тууган акем коркутуп арыз жаздыртып койгон. Бул окуяларга бир тууган акем аралашып, акчалуу Ү. дегенди жалпы актап жатышат», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here