Ош шаардык соту 2020-жылдын 22-октябрдагы өкүмү менен Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовду үй камагынан чыгарып, айыпка жыкканын 5-январда кабарлады. Маалыматта: шаардык сот мурдагы аким Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айыпка жыкканы айтылат.

Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы эки ай мурдагы чечим тууралуу убагында маалымат берилбегенин аны өздөрү да кеч тактаганы менен түшүндүрдү. Былтыр 9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган.

13-октябрда сот Тилек Матраимовду үй камагына бошотуу боюнча чечим чыгарган. Тилек Матраимов жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган жеринен кармалганын УКМК кабарлаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here