Куудул Гүлжайна Атаканова: Кош бойлуумун, курсагың чоңойгон сайын жашыра албай калат экенсиң.

“Мен бул тирүүлүктө өзүмдү капа кылбай жашаган кызмын. Өзүмдү өтө сүйөм.

Бирок, үй-бүлөм жөнүндө эч нерсе айтпайм, ал менин жашоом.

Бул жаңылык көптөрдү кызыктырып жүргөнүн билем. Бирок, калп, чынын биле албай, так жооп ала албай жүргөндөр өтө көп.

Ооба сүйүнчү!

Аллахымдын буюругу менен кош бойлуумун. Кубанычымда чек жок.

5-6 айлык болгончо жашырып келдим. Бирок, курсагым чоңойгон сайын жашыра деле албай калат экенсиң. Сүйүктүүм менден да кубанып жүргөн убагы.

Бактымды тоодой кылып бере бер Аллахым”, — деп жазды куудул кыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here