Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Айсулу Мамашева фракция лидери болуп, анын орун басарлыгына дагы бир депутат, фракция мүчөсү Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Фракциянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында ошондой эле депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.

Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, фракция лидери болуп турган. 2017-жылы мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов менен кошо «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сот «Ата Мекендин» лидерин депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.

Былтыр октябрда «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.
БШК 15-октябрда Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырган. Кийинчерээк жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы менен Бишкектин административдик соту Текебаевдин мандатын алган.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here