Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

— Жумасына 4 жумурткадан ашык жегенге болбойт.

— Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

— Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.

— Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

— Эгерде эки айнек стакан кептелип калса, үстүңкүсүнүн ичине муз салып, экинчисин сыртынан ысык сууга салып коюңуз. Ысыктын таасиринен стакан кеңейип, ичкиси муздактан кичирейип чыгарууга оңой болуп калат.

— Помидор жана цитрус өсүмдүктөрүн муздаткычка салууга болбойт. Алардын даамы жана жыты бузулат.

— Соя сүтүн аздан колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпой ичиңиз.

— Жүгөрүнү жумшак болушу үчүн тузсуз кайнатат.

— Помидорду ачкарын жегенге болбойт.

— Аквариумду тазалаганда суусун бөлмө гүлдөрүнө куйса, пайдалуу болот.

— Өттө таш пайда болбошу үчүн эртең менен тамактын алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

— Уктаарга 3 саат калганда тамактануу туура.

— Эгерде тамактын тузу өтүп кетсе, ага бир аз картошка кошуп коюңуз, ал тузду тартып алат.

— Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

— Желим контейнерди жабык сактоодо жыт пайда болуп кетпеши үчүн чымчым туз салып коюңуз.http://kg.kabar.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here