Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатаарда ичип туруу керек; — Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот;

— Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;

— Ашкабактын семичкелерин көбүрөөк чагып жеген эркек кишинин потенциясы жакшырат;

— Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот;

— Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар өлүп жоголот;

— Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринди кубалоого эгедер;

— Ашказан-ичеги тутумунда көйгөйү барлар ашкабакты сууга бышырып жешсе болот. Бирок, бул гастрит жана ашказан жарасы үчүн эмес; — Бул жашылча ич катууну дагы жөнгө салат;

— Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.

СУЛУУЛУКТА.

Бет үчүн маска Жарым стакан ашкабактын маңызын, 3 аш кашык майда шекерди жана жарым чай кашык ашкабак семичкесинен алынган майды (сатыкта бар) жакшылап аралаштырасыз. Бирдиктүү масса болгондо аны бетке тегиз жабасыз да, манжаларыңыз менен жай массаждайсыз. 10 мүнөттөн кийин бетиңизди жууп салсаңыз, териңиз жумшак, назик болуп, чарчаңкы абалыңыз энергиялуу жүз менен алмашат.

Чач үчүн маска

Чачтын бардык, өзгөчө кургак түрү үчүн болуп көрбөгөндөй жагымдуу кондиционер. Мындан кийин чачыңыз жалтырап, жумшарып, эпке бат келерлик болуп чыгат. Бул үчүн жарым стакан ашкабак маңызын, төрттөн бир стакан табигый йогуртту, 2 аш кашык балды жана 1 чай кашык ашкабак семичкесинин майын аралаштырасыз. Аны чачка бүтүндөй маска катары сиңире сыйпайсыз да, мончо топусун кийип турасыз. 30 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп салуу зарыл. Дене үчүн маска Мындай маска үчүн алгач сууга бышырылган ашкабактын маңызын блендерден өткөрүп аласыз. Андан 3 аш кашык идишке салып, ага 3 аш кашык майда күрөң шекерди жана 1 чай кашык ашкабак семичкесинин майын кошосуз. Даяр болгон масканы денеге кебез менен массаждоо аркылуу сүртүп, бир аздан соң жылуу сууга жууп жибериңиз. Жетпей калса масканы ушул эле рецептте көбүрөөк даярдоого болот. Мындан кийин дене жумшак жана назик болуп калат.

Бут үчүн маска

Үй шартында жасалуучу натыйжалуу СПА- процедура деп ушуну айтса болот. Анткени, бул маскадан кийин бутуңуз жумшак, жагымдуу жана сыйда болуп чыга келет. Ал үчүн биринчи жарым стакан ашкабак маңызы менен 1 жумуртканы жана жарым чай кашык балды жакшылап аралаштырасыз. Анан масканы бутуңузга таманыңызды кошо толук жабасыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп салуу керек. Зыяндуулугу

Гастрит, ашказан жарасы жана кант диабети менен ооруп, бул дарттардан жабыркап жүргөн адамдарга ашкабак жана ашкабактан жасалган даамдарды жегенге болбойт. Себеби, аталган жашылча күчтүү кычкылдандыруучу сапатка ээ. Ал организмдин кычкыл чөйрөсүнүн тең салмактуулугун бузуп жиберет. Ошондой эле ашкабак семичкесин көп чагуу да зыян деп айтылат, ал тиштин эмалын жабыркатат.

Анын курамындагы биологиялык активдүү заттар организмден жаман холестеринди бөлүп чыгарууга жардам берип, жүрөктүн тынымсыз иштеп туруусун жакшыртат.Адистердин айтымында, ашкабак көздүн көрүүсүн жакшыртып, рак клеткаларынын өсүшүнө жолтоо боло алат.»Ашкабактын сары жана сары-кызгылт түстөгү түрүндө сабиздики сыяктуу бета-каротин көп. Ал организмде А витаминине айланганда көрүү, иммундук реакция бекемделет. Ошондой эле витамин организмди айланадагы агрессиядан сактай турчу табигый антиоксидант болуп саналат.

Эң негизгиси — клеткалардын залалдуу шишикке айланып кетүүсүнө тоскоолдук жарата алат», — деген медик.

Мындан тышкары, аталган жашылчада темир, цинк, фосфор жана жез көп экенин адис кошумчалаган. Анын айтымында, бул заттар ич катып калган учурда ичегинин жакшы иштөөсүнө жардам берет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here