Президенттикке талапкер Рашид Тагаев жарыштан чыкканын жарыялады. 30-декабрда ал социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочуларына кайрылуу жолдоп, «талапкерликти мындан аркы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болгонун» билдирди.

Тагаев өз кайрылуусунда жалпы абал турукташканда баштаган ишин улантарына үмүттөнөрүн белгиледи.

62 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Тагаев көп жылдар бою милиция системасында иштеген, 2005-2010-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон.

Тагаев президенттикке ат салышып жаткан 18 талапкердин бири. Ал тизме боюнча 29-декабрда талапкерлердин Коомдук телерадиокорпорациянын эфириндеги теледебатына катышкан жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here