Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына президенттин квотасы менен барган жаңы мүчө бул комиссияга жетекчи болуп шайланды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 28-декабрда комиссия жыйынга чогулуп, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун комиссиянын мүчөлүгүнө Маратбек Осмонкуловду кошуу тууралуу сунушу каралып, кабыл алынды.

Ушул эле күнү Осмонкулов ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында төрага болуп бир добуштан шайланды.

Курамы ар үч жыл сайын жаңыланып туруучу комиссия тогуз мүчөдөн турат. Алардын үчөөнү президент, үчөөнү парламент жана калган үчөөнү Судьялар кеңеши гендердик теңчилик талаптарын эске алуу менен көрсөтүшөт. Комиссиянын буга чейинки курамынын мөөнөтү быйыл ноябрь айында аяктаган. Парламенттин квотасы боюнча үч өкүл тандала элек болгондуктан азыр алты гана мүчө иштеп жатат.

Ишке киришүү үчүн комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болуусу талап. Төрагасы Замирбек Базарбеков 25-декабрда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалып кеткендиктен анын орду бош калган. Ал комиссияга президенттик квота менен барган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here