Легендарлуу парламенттин» депутаты Керимкул Карабаев каза болду. ьМаалыматка ылайык, 82 жаштагы Карабаев 28-декабрда узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.

Карабаев 1939-жылы Жумгал районунун Жаңы-Жол айылында төрөлгөн. Ал 1985-1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, эки жолу Чаек айылдык кеңешинин депутаты, партиянын облустук комитетинин мүчөсү болуп шайланган. 1998-жылдан баштап «Туу-Арча» дыйкан чарбасынын башчысы болгон.

«Эмгек Даңкы» ордени, «Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер» наамы, «Манас эпосуна 1000 жыл» медалы, президенттин ардак грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here