COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн кыйды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды.

Бир күндө вирус дагы 119 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын саны 80 654 адамды түздү. Анын 75 334ү сакайганы айтылды. Бир күндө 277 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here