Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреп, 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен кабарлады.
Ал бүгүн, 29-декабрь күнү, саат 07:49да катталды.
Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.