Француздар айтмакчы «чач таза жана кайраттуу болсо, ал сөзсүз түрдө жасалгалуу жана жагымдуу көрүнөт»-демекчи айым жана эркектер чачтарын ар кандай өңдөр менен боеп, анын сулуулугу үчүн аракет кылышканы менен, көпчүлүгү аны туура колдонууну жана туура кам көрүүнү биле беришпейт.

Чачка кам көрүүдө биринчи кезекте, аны туура жууш керек. Биз колдонуп жаткан шампунь жана самындар канчалык кымбат болбосун баары бир чачка зыян. Ошондуктан, чачты бат-бат жууганда шампунсуз деле таза чайкап койсо болот. Өзгөчө чачты жамгырдын суусу менен жууса жакшы болот.

Алсыз жана боелгон чачка кам көрүү

Чачтын түшүшүн жана сынып алын жоготушун ар кандай каражаттар аркылуу чайкоо жана маска бальзамдарды колдонуу менен кам көрөбүз. Дагы туура эмес тамактануу да чачтын бузулушуна алып келет.

Маскалар

Бал маскасы: бир кашык балга, бир кашыктан жумуртканын сарысын, бир кашык коньяк, бир кашык касторова майын жана бир кашык алоэнин согун кошуп, жакшылап арлаштырып маска жасайбыз. Аны 5 мүнөт ичинде массаждап чачка коебуз да, целофан менен ороп, 30-40 мүнөт кармап, жылуу суу менен чайкап коебуз. Жалаң балдын өзүн чачка маска катары койсо да болот.

Айран маскасы: бир стакан маскага кара нандын кичине бөлүгүн кошуп, аны чачка сүйкөп, анан бир саат кармап, андан соң жууп салыш керек. Ошондой эле чачка пияз жана кара нандар менен маска жасаса болот. Бирок, биз жогоруда сөз кылган маскалар эң жакшы маскалардын катарына кирет.

Чачты жуугандан кийин сөзсүз түрдө аны ар кандай кычкыл каражаттар менен чайкаш керек. Анткени шампундун жана самындын щелочтору чачты ысык суу менен чайкаганда кичине кургатып, жабыркатып коет.

Чачты кычкыл заттар менен чайкоо

1- 2 литр жылуу сууга бир лимондун согун кошуш керек, чачты чайкаш керек.

2- 2 литр жылуу сууга 2кашык лимон кислотасын кошуп чайкаш керек.

3- 2 литр жылуу сууга бир кашык уксус кошуш керек.

4- Атайын жылытылган пиво менен чайкаса да болот. Бул чайкоо аз жана жука, кургак чачтар үчүн абдан пайдалуу. Ал чачты көтөрүп өңүн жакшыртат.

5- Кургак чачтарды: ак кайыңдын жалбырактарынын кайнатмасы, ромашканын кайнатмасы, чалкандын жалбырактарынын кайнатмасы менен чайкаса абдан жакшы болот.

6- Ар кандай бальзамдар менен да чайкап койсо болот. Бирок колдон келишинче табигый колдонмолор менен чайкаса, тыянагы жакшыраак болот.

7- Чачтын кайраттуулугу жана өсүшү үчүн ак кайыңдын ширеси менен жууп койсоңор эң жакшы тыянак болот.

8- чачты чийки жумуртка менен жууса да абдан пайдалуу болот. Ал чачты жаркыратып, чачка көрк берет.

9- чачка эң жакшы сулуулукту, кара нандын кайнатмасы берет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here