Аялзатынын бети өтө назик жана сезимталдуу болгондуктан айлана чөйрөдөгү жаман таасирлерге туруштук бере албайт жана кам көрүлбөй калган учурда бат эле бузулуп кетет. Мисалы, күндүн ысыгына, муздак абага, шамалга, деги эле жалпы мезгил ыргактарындагы аба ырайынын чайкалышына. Ошентип бет бузула баштаганда анда пигменттик тактар, сепкилдер жана башка жагымсыз көрүнүштөр байкала баштайт. Өзгөчө жаздын келиши менен аба ырайынын дароо өзгөрүп кыздардын беттеринде тактар пайда боло баштайт. Ошондуктан кыздар аларды кантип алдын алыш керек жана кантип кутулуш керек? — деп бул маселенин көйгөйүнө түшүп алышат.

Бардыгыбыз бетибиздин тунук жана жагымдуу, назик, чоюлчаак болушун каалайбыз. Ал эми бетибизге чыгып, пайда болгон тактар, сепкилдер безеткилер көркүбүздү бузуп, кыжырга тиет. Негизинен алардын бетте пайда болушуна жол бербешибиз керек жана эгер баары бир деле алар бар болсо алар менен күрөшүү үчүн жооп издеп калабыз.

Тактарды жок кылуу үчүн бир нече маскалардын түрү бар. Бирок алар кандай таасир берет, эч жерде жазылган эмес жана кепилдик берилбейт.

Ошондуктан биринчи кезекте сиз кандай тактар менен күрөшүп, бетиңизди кантип тазалагыңыз келип жатат, ошол жагын аныктап алышыңыз керек. Мисалы, безеткилер үчүн бөлөк маска, жөнөкөй тактар үчүн башка маска ар түрдүү беттин түрүнө жараша болот. Ички орган таза болуш керек Көпчүлүк учурда беттеги тактар, беттин жалпы бузулуусу ички организмдин
бузулушунан же кандайдыр бир органдын жабыркап ооруп жатышынан белги берет. Ошондуктан биринчи кезекте ден соолугуңузду чыңдап алышыңыз керек. Эгер чындап эле ички органыңыз ооруп жатса, сиздин бетиңиздеги тактарды эч кандай косметикалык каражаттар да, таасири күчтүү маскалар да кетире албайт. Качан гана ооруп жаткан жериңиз айыгып, ички организмиңиз тазланып өз калыбы менен иштеп баштаганда гана тактар өзү кетип, бетиңиз тазаланып, жүзүңүз жагымдуу болуп калат.

Туура тамактануу маанилүү. Тазалоочу каражаттар Тазалоочу каражаттар тактарды азайтуучу касиетке ээ. Алар ар кандай пилингдердин жардамы менен чыгарылат жана эпидермистен меланинди тазалайт. Ошентип пигменттик тактар тазарып, агара түшөт.

Үй шартында пилингдин ордуна курамында лимон кычкылтеги, сүт азыктары жана 20 % салицил спирти бар кремдерди колдонсо болот.

Бетти агартуучу жана тазалоочу маскаларды пилингден кийин колдонсо болот.

Курамында терини тазалай турган флавоноиддер жана феноль кычкылтеги бар жаңы чөптөрдүн ширесинен маска даярдаса болот. Мисалы, тысячелистник менен солодкодан жасалган маскалар эффективдүү.

Лимон менен бадыраңдын касиети

Лимондон жана бадыраңдан жасалган маскалардын тазалоочу касиетке ээ экенин бардыгыбыз билебиз. Анын курамында аскорбина кычкылтеги жана органикалык кычкылтектер бар болгондуктан, бетти тазалаганга чындап эле жөндөмү бар. Анын үстүнө бул жер жемиштерди издеп кыйналбайсың. Аларды дүкөндөрдөн да, базарлардан кыйналбай эле тапсаң болот. Ошондой эле эл арасында көк чөп (петрушка) дагы тазалоочу касиети менен белгилүү. Анын курамында эфир май бар болгондуктан, эффективдүү болбосо да, туура колдонууда сөзсүз жыйынтык болот. Пигменттик тактарды жана сепкилдерди тазалоочу ласьон Мындай тактарды кетирүү үчүн ласьонду даярдап алып колдонсоңуз жакшы. Жумуртканын агын көбүк болгончо эзип алып, ага бир лимондун ширесин кошуп аралаштырып, анан бир чай кашык глицирин жана 1/2 стакан одеколонду кошосуз. Даяр болгон бул ласьон менен жаттардын алдында бетти сүртүп, тазалап чыгиш керек. Сепкилдерди кулпунай маскасы менен тазалоо Сепкилдер менен күрөшүүдө кулпунай мөмөсүнөн жасалган маска эффективдүү. Аны даярдоо да оңой. Кулпунайдын бышкан мөмөсүн эзип маска кылып даярдап аласыз жана тазаланган бетке 20-30 мүнөт коюп коёсуз. Аны жылуу суу менен чайкап коюш керек.

Ал эми бетиңиздин териси майлуу жана безеткилер бар болсо, анда кулпунайдын ширесин бетке 15-20 мүнөт кармап турушуңуз керек.

Интернет булактарынан алынды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here