Окумуштуулар орто мектеп окуучуларынын тамактануу адаттарын изилдеп, өспүрүмдөрдүн уйкусуна кандай таасир этерин аныкташты.

Изилдөө 64 мамлекетте жүргүзүлүп, 175 миң өспүрүмдү камтыган. Изилдөөнүн жыйынтыктары Квинсленд университетинин сайтында жарыяланды.

«12-15 жаштагы 175 261 өспүрүмдүн маалыматтарын талдоо көрсөткөндөй, ден-соолукка зыяндуу тамактарды көп ичүү уйку менен тыгыз байланышта, бул өз кезегинде балдардын абалына, эс тутумуна жана таанып билүү жөндөмүнө терс таасирин тийгизет».

Изилдөөгө ылайык, газдалган суусундуктарды көп ичкен өспүрүмдөрдүн уйкусу бузулган, бул аз ичкендерге караганда 55 пайызга көп болгон.

Адистер ошондой эле тез тамакты жумасына төрт жолудан көп жеген балдарда уйкунун бузулушу байкалаарын белгилешти.

«Бул жыйынтыктар өтө тынчсыздандырат, анткени уйкунун бузулушу өспүрүмдөрдүн күч-кубатына жана когнитивдик өсүшүнө терс таасирин тийгизет», — дейт изилдөөнүн автору Асад Хан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here