26-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында жашаган ата-баланы белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Шарк айылында ошол эле айылдын 47 жаштагы тургуну О.С. менен анын 24 жаштагы уулу С.С. унаада бара жаткан учурда белгисиз адамдар «Сангёнг Муссо» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүп токтотуп, суммасы такталбаган акчасын алып кеткени боюнча маалымат түшкөн. Аталган факт Кара-Суу РИИБде Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кара түстөгү бет кап кийген белгисиз 3 адам кара түстөгү «Сангёнг Муссо» үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкедеги унааны сүзүп токтотушкан. Андан кийин белгисиз үлгүдөгү тапанча менен С. уулу С.ны бутка атып, С.О.нун унаасында кара түстөгү баштыкка салынган 100 миң доллар акчасын карактап, аларды күтүп турган кызыл түстөгү «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаага отуруп, окуя болгон жерден качып кетишкен. Окуя болгон жерден ок атуучу куралдын гилзалары табылды. Кара түстөгү «Сангёнг Муссо» үлгүсүндөгү жана ак түстөгү «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унааларга кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышкерлер качып кеткен кызыл түстөгү «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа Кара-Суу районунун Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылып, айып аятчасына киргизилди. Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Алдын ала маалыматка караганда, 47 жаштагы жабырлануучу акча алмаштыруу менен алектенет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here