Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген айрым адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык суммада зыян келтиришкен деп эсептейт.

Мекеме 28-декабрда тараткан маалыматта 2014-2019-жылдардагы аудиттер боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, «консультациялык кызматтарды сатып алууда тийиштүү мониторинг жасалбастан негизсиз жогору сумма пландаштырылып, мамлекет үчүн пайдасыз экенин билип туруп «D.&T.» ишканасы менен контракт түзүлгөнү» айтылды.

Башкы прокуратура белгилегендей, тендердин негизинде бул ишканага жалпысынан 63 миллион сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

5-декабрда башкы көзөмөл органы бул факт боюнча материалдарды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 322-беренеси («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») менен каттоого алып, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү жагын тийиштүү тергөө органдарына тапшырып бергени маалым болду.

Башкы прокуратуранын маалыматындагы «D.&T.» деген жазуу «Делойт&Tуш» компаниясынын аталышына окшош. Бул компания Кыргызстанда 2004-жылдан бери аудит, укук жана салык консалтинги, корпоративдик каржы багытында иш жүргүзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here