Акыркы суткада вирус 295 адамга жугуп, 4 адам каза болду.

OVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 28-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды.

Бир күндө вирус дагы 295 кишиден жаңы аныкталды.

Расмий эсеби 79 429 адамды түздү. Анын 73 300ү сакайганы айтылды. Бир күндө 295 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1335 кишиге жетти.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1472 бейтап стационарда, 2429 киши үй шартында дарыланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here