БАЛДАРЫҢАР УШУНДАЙ МЕКТЕПТЕ ОКУШУН КААЛАЙСЫҢАРБЫ?Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылындагы мектеп жарактан чыгып, кооптуу болуп калыптыр. Анын колдонууга жараксыз экенин атайын адистер да тастыкташыптыр. 1933-жылы эле пайдубалы жок салынган мектепте учурда 410 бала билим алат экен. 

Балдардын өмүрүн, келечегин ойлоп, элеттиктер кабатырланып, 10 жылдан бери көлгө кайсы «чоң» келсе кайрылышат экен. Алар болсо, баш оорутпай «макулун» айтып коюп кете берет имиш. Андан бери далай «губер» алмашып, далай суу акты дейт. Кыдыкбек Исаев кезинде көтөрүлгөн маселе андан бери эки революцияда да чечиилбептир. А чынында бул мектептин кейпи жаман го. Кулап калса эмне болот?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here