Жогорку сотунун басма сөз кызматы төрайым Гүлбара Калиеваны коррупцияга байланыштуу жоопко тартуу аракети боюнча УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Маалыматта Калиеванын дарегине айтылган айыптар четке кагылган. Күнөөсүздүк презумпциясы (айып далилдене электик) жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири экени эске салынган. Ошондой эле Ташиев айткан долбоор боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм (Европа Биримдиги) өзү жүргүзө турганы, буга байланыштуу Жогорку соттун жетекчилиги жана кызматкерлерин айыптоо туура эмес экени белгиленген.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгонун 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Эгерде сот органдарынын Тартип комиссиясы макулдук берсе, УКМК аны жогорку кызматына карабастан жоопко тартарын айткан. Атайын кызмат Жогорку сот IT-компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке 8 миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт. Буга чейин автоматташтырылган маалымат системасындагы коррупция боюнча эки ишкананын жетекчиси кармалганы кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here