Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык кызматынын жетекчиси кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган ишкананын жетекчиси убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин мыйзамсыз саткан фактысы катталды.

Маалыматта: » 2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын айрым кызмат адамдары өз кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында аукциондо жеңип чыгууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар ​​менен кылмыштуу бүтүмдү түзүп, алдын ала жеңүүчүлөрдү аныктап, жер участоктору боюнча жасалма аукциондорду өткөрүшкөндүгү аныкталды. Тиешелүү тергөө иштеринин алкагында 24-декабрда «коррупция» беренеси менен «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын жетекчиси Аскат Түлебердиев жана мыйзамсыз сатууга тиешеси бар делинген З.М. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here