Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев айтты

Учурда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 433 чакырымынын 193 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Бердалиев: «Аталган альтернативдүү жол 5 долбоорго бүлүнөт. Анын 1-фазасында быйыл курулуш иштери жүрдү. Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар план боюнча аткарылбай калды. Бирок ал фазадагы туннелди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. 2-фазада 20 чакырым пландалган. Ал жолдун 17 чакырымына асфальт төшөлдү. Анда да эки эстакадалык көпүрө бар: биринчиси 1076 метр, экинчи 396 метрге созулат. Ал 90 пайызга бүттү. 3-фаза 3 долбоорго бөлүнгөн. Анда жер жумуштары, суу түтүктөрү боюнча иштер жүрүүдө», — деди

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here