-Акылбек Чолпонкулович, сиз быйыл пандемиянын биринчи   толкуну учурунда Улуттук госпиталды башкарып турдуңуз. Коомчулук биринчи толкундан эл дагы, бийлик дагы сабак албаганын баса белгилеп айтып келет. Азыр эми экинчи толкуну жүрүп жатканын айтып келебиз. Жалпы маалымат катары өз бааңызды айтсаӊыз?

— Пандемиянын   учурунда мени “Улуттук госпиталды жетектеп, коронавируска каршы борборлорду, ооруканаларды уюштурганга жардам бериңиз” деп чакырышты. Биз башкы врач катары колубуздан келишинче тишелүү иштерди жасадык. Пандемиянын биринчи толкунунан тилекке каршы  сабак албай калдык. Экинчи толкунга  эч кандай даярдык көрүлгөн жок. Ошол учурдагы министр Сабиржан Абдыкеримов пандемияга даярдык көрбөдү. Мунун натыйжасында ооруканаларга, азыркы министрге да кыйла эле кыйын болуп жатат. Тескерисинче, шайлоого даярданышты. Бул жакшы эмес иштердин бири болуп калды. Азыр жүрүп жаткан пандемиянын экинчи толкунун биринчи толкунга салыштырууга болбойт. Биринчи толкун абдан кооптуу болгон. Андан бери да, биздин дарыгерлерибиз кыйла тажрыйбалуу болуп, коркпой, башкача мамиле, ыкма менен иштеп калышты. Бирок айрым ооруканаларды, анын ичинде биздин Урология борборун дагы эки айдан бери коронавируска карата жаап койгон. Биз ал жерде иштей албай, Ахунбаев атындагы клиникада эптеп, тыгылып, урологиялык оорулар менен катуу ооруп калгандарга жардам  берип жатабыз. Бирок абдан ыңгайсыз, ишибизди толук кандуу жүргүзө албай, кыйналуудабыз. Урологиялык борбордо деле даарыланып жаткандар абдан көп, эрежелер канчалык деңгээлде так сакталып жатат, аны айтуу кыйын. Себеби, ооруканага башка оору менен келгендер коронавируска каршы анализ тапшырып, таза келишет. Бирок ал анализин алып, ооруканага жатып, операция болгон учурларда ковид болуп, чыгып калган учурлар да кездешип жатат. Анткени, вирусту жуктуруп алыш 5 эле мүнөт да, бүгүн тапшырган анализиң, эртең, же эки, үч сааттан кийин өзгөрүп кетиши толук мүмкүн.

-Сизди эки ай иштегенден кийин кандай себеп менен башкы дарыгерликтен алып салышты?

— Мен муну ачык эле айтам. Мени шайлоодо “Биримдик” партиясына иштеңиз дешти. Мен макул болбой, саясатка аралашпай иштейин, бул жакта жасала турган иш көп экенин айткам. Мурунку бийликке бул нерсе жакпай калды окшойт. Мени кызматтан кетиришкен. Мен бийликке кошомат кылып, иштей берсем, азыркы күнгө чейин жетекчи болуп олтурушум мүмкүн болчу. Оору күчөп, адамдар күн сайын өлүп жатса,  жеке кызыкчылыктарды жыйыштырып, сага тиешеси жок башка иш менен эмес, өзүңө тагылган милдетти так аткаруу зарыл да.

— Пандемиянын экинчи толкуну күчөп кетпейт, толук көзөмөлдө деп ишенимдүү айтса болобу?

— 100 пайыз кепилдик берип айтуу кыйын. Азыр ооруканаларда кыйын кырдаал жаралганын айттым. Башка оорулар менен ковидке чалдыккандар аралашып, кооптуу учурлар  жаралып калып жатат. Мунун баарын алдын алууга азыр да кеч эмес. Даярдыкты азыр да күчөтүү керек. Себеби, пандемия токтоду, вирус жоголду деп азырынча эч ким айта албайт. Дагы канча мезгилге созулат, аны да эч ким билбейт.  Жайында ачылган Гансидеги обсерваторияны экинчи толкунга даярдабай жаап салышты. Бул абдан туура эмес болуп калды. Жылуулук системасын жасап, ковидке чалдыккандарды ошол жерде дарыласак, ооруканаларда азыркыдай кыйын кырдаал түзүлбөйт эле. №6 оорукананы пандемиянын 1-толкуну күчөп турганда ремонтко жаап салышып, туура эмес кылышкан. Ал оорукананы тезирээк ачуу зарыл. Дагы башка жактарда салынып,  оңдолуп түзөлүп жаткан ооруканаларды тезирээк  бүтүрүп, колдонууга берүү керек. Улуттук госпиталдагы бөлүмдөрдү кайра батыраак ачпаса, башка оорулар менен ооруп жаткандардын арасында да өлүмдөр көбөйүп кетиши мүмкүн.

— Европада ковидден да коркунучтуу вирус чыкканы айтылып, коркунуч жаралып жатканы айтылды. Бул боюнча  эмне айтасыз?

— Мутация болгон вирус экенин айтылып жатат. Бул маалымат, ал вирус биз үчүн чоң сигнал, кыргызча айтканда кулак кагыш! Даярдыкты күчөтүшүбүз зарыл. Ал вирус бизге жетпейт деген кепилдик жок да. Жогоруда айттым, дагы айтайын. Вирусту  ар бир клиника, ооруканаларда дарылабай, бир жерде, бир борбордо дарыласак жыйынтыгы жакшы болот. Ошол эле Гансини азыркы учурда дагы даярдоо зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here