Кыргызстандын атынан жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө Кубогуна жалпы 20 балбан катышып, 3 алтын, 5 коло медаль утуп алышты. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, жигиттерден Жоламан Шаршенбеков алтын алышса, калгандары коло меделга татышты. Кыргыз курамасы жалпы медалдык эсепте 32 команданын ичинен 2-орунга жайгашты. Ал эми биринчи орунга 9 алтын, 2 күмүш жана беш колосу менен Орусия жайгашса, үчүнчү орунга 2 алтын 5 колосу менен Беларусь өлкөсү жайгашты. Дүйнө назарын бурган ушул Дүйнө кубогужана кыргыз балбандары тууралуу, айтылуу генерал жана Ардагерлер арасында эркин күрөш боюнчадүйнө чемпиону Мелис Турганбаев менен учкай маектештик.

Мелис мырза, быйылкы жылдын эң жагымдуу, эң мыкты жаңылыктарынын бири  — бул жакында эле Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө кубогунда кыргыз балбандарынын чоң ийгилик жаратышы болду. Жалпысынан кандай баа бердиңиз?

-Дүйнө жүзүнүн үшүн алып турган коронавируска байланыштуу  Олимпиада оюндарынан баштап, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми Дүйнө кубогуна бизге коңшу мамлекеттерден Казакстан, Өзбекстан, алыскы мамлекеттерден Америка, Иран сыяктуу өлкөлөр катыша албай калды.

Мунун баары пандемияга байланыштуу болуп калды. Биздин балбандар бул жолу Дүйнөлүк кубокто чоң ийгиликтерди жаратышты. Жалпысынан 3 алтын, 5 коло медаль. Бул абдан чоң көрсөткүч болуп эсептелет.  Бирок пандемиянын айынан даярдыктар анчалык жогорку деңгээлде болбой калды. Ошондуктан  биз ишенген айрым балбандарыбыз ийгиликке жетише албай калышты.                    Эгер пандемия жок болгондо, дүйнөлүк мелдештер жылдырылбса, убагында алардын баарына биздин балбандар да катышып, бул мелдешке чейин чоң даярдык, тажрыйба топтоп калышмак.

Коомчулукта, спортчулардын арасында деле  көп жылдан бери кыргыз бийлиги спортко жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай келет деген сөздөр айтылып келет.Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

-Спортко бөлүнгөн каражат быйылкы эле жылы эмес, узак жылдан бери тартыш болуп келет. Чынын айтканда, бул нерсеге деле көнүп калганбыз. Ошого карабастан спортто чоң ийгиликтерди жаратып келатабыз деп айтсак болот. Кыргыз күрөшүнүн деңгээлин көтөрүүгө Күрөш федерациясынын салымы абдан чоң. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат азыраак болсо да берилет, бирок өз учурунда эмес, созуп-созуп олтуруп жылдын аягында беришет. Анан ал акчаны өздөштүргөнчө, Каржы министрлиги жыл жыйынытктап, эсепти жаап салат. Бул эми таптакыр туура эмес да. Мен бул маселени көп жолу айтып эле келатам. Каражат убагында берилбегендиктен, Эл аралык мелдештерге болгон даярдыктар аксап калган учурлар кездешет. Айла жоктон карыздап акча сурап, издеп калабыз.  Мындайга жол берилбеши керек. Мына ушул системаны жакшыртпасак болбойт. Азыркы бийлик сөзсүз түрдө эске алышы зарыл.

-Дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жаратып, Кыргызстандын желегин жебиретип жаткан спортчу кыздарыбызды, жигиттерибизди өз деңгээлде сыйлоо иши талапка ылыйык болбой, буга карата сындар айтылып келет. Маселен, Тыныбекова, Жолдошбековго мамлекеттен берилет деген үйлөр эмгиче берилбей жатканын айтсак болот…

-Ооба, Айсулууга берилген үй кандайдыр бир себептер менен кечигип жаткан го. Ал тууралуу мен кызыгып, кийлигишкеним деле жок. Былтыр Улукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болгондо мамлекеттен үй берилген. Бирок андан бери жыл өттү, үйүн ала элек. Ал эми биз федерация тарабынан Шаршенбек Абдыкеримов баш болуп,  чоң ийгилик жараткан 7 балбаныбызга  үй бердик. Кудай буйруса, Улукбек Жолдошбековго Нарын облусундагы спортко кайдыгер карабаган меценаттар бир бөлмөлүү батирди белекке берели деп максат кылып жатабыз. Ал салатанттуу иш чараны бүгүн өткөрөбүз. Негизи бул белек былтыр эле берилиши керек эле, бирок пандемияга байланыштуу бир аз кечигип калдык. Калган балбандарыбызга ылайыктап машине, акчалай белектер берилип жатат.  Бул боюнча дагы   федерациянын жамааты сүйлөшүп, өз аракетибизди кылабыз.

-Быйыл пандемияга байланыштуу Ардагерлер арасында Дүйнө чемпионаты болбой калды окшойт. Болсо, дагы катышайын деген оюңуз бар беле?

-Кеп башында айтпадымбы, көптөгөн дүйнөлүк мелдештер пандемияга байланыштуу жылдырылып калды. Биздин ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты быйыл Грецияда өтмөк, белгилүү себептен улам кийинки жылга жылдырылып калды. Негизи быйылкы чемпионатка катышып, дагы бир жолу ийгилик жаратсам, ошону менен  жыйынтыктайын дегем. Кийинки жылкы катышабызбы, катышпайбызбы, ал жагын байкап шартка жараша чечим кабыл алабыз да.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев,

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here