«Московский комсомолец» басылмасы  Москва шаарында кош бойлуу аял жыныстык катнаш учурунда көз жумганын, ал   кыргызстандык экенин жазып чыкты. 18 жаштагы жигит кыргызстандык 23 жаштагы кыз менен 3 ай мурун ресторанда жумушка орношкондо таанышкан. Алар көп өтпөй  кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган. Басылма бул тууралуу: «20-декабрда жигит кызды киного чакырган. Андан кийин экөөнүн биринчи жолугушуусу болмок. Бирок ал трагедия менен аяктады. Жыныстык катнаштан кийин Альбина эс-учун жоготкон», – деп жазып чыкты.  Дарыгерлер  Альбина кош бойлуулуктун алгачкы айында болгонун,  жыныстык катнаш учурунда жатындан кан агып, жүрөгү токтогонун айткан. Учурда  анын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here