-Мелис мырза, сизди  шайлоодон кийин кара пиар менен коомчулукка жаман көрсөтүү аракети болду.  Ал каралоо “Акнет” компаниясына байланыштуу кылып, атайы тасма таратышты. Бирок сиз ал маселеге учурунда жооп кайтарган жоксуз. Окуянын чоо-жайын ачык айтып берсеңиз?

-Бул маселеде жашыра турган эч нерсе жок. Баары элге маалым.  Мени “Акнет” компаниясына байланыштырып, жаманатты кылгысы келгендердин баарын билем. Ал компаниянын жетекчиси менин айылдашым болот. Атасы белгилүү окумуштуу, профессор, 85 жаштагы аксакал. Айылдашы болсом, атасы кайрылып жатса, анын үстүнө анын ооруп жатканы чын болсо мен да тиешелүү чара көрдүм.  Кудай урбадыбы, адамбыз да, жердеш катары деле сүйлөшөбүз да. Мен болгону жазаларды аткаруу кызматын башкарып турганда, анын   кан басым, “сахар” оорусун  тастыктаган  кагаздарды мурунку президентке чейин көргөзгөм. Салыкка 150 млн. сом  төлөп бериптир. Эгер  “Акнеттин” жетекчиси түрмөдө оорусунун айынан бир нерсе болуп калса, ЖАМК эле эмес, жалпы бийлик эл аралык коомчулукка жаман атты болуп калмак. Мамлекеттин да аброюна шек кете берет да.  Себеби, ишкер адамды катуу ооруп жатканына карабай, түрмөдөн чыгарбай,  кысым кылып деген сөздөр тарамак. Биз ошондой арты жаман нерседен сактандык, өз милдетибизди  так аткардык. Ал эми коомчулук тараткан тасмадагы  көрсөтүлгөндөр бири-бирине байланышы жок. Жанагы кафеде олтурган учур мен бош жүргөндө, тактап айтканда 2018-жылы тартылыптыр. Кыскасы,  кайдагы үзүл-кесил тасмаларды бириктиришип, монтаж кылып, эптеп коомчулукту кызыктырып, таратып жиберишти.

-Кимдер чыгарышты? Өзүңүз иликтеп көрдүңүзбү?

-Мен баарын билем. Бирок азыр алардын аттарын айтпай турайын, убактысы келет. Кээ бирлеринин көчүктөрү бүлкүлдөп жатат. Бирок мындай иштин түпкүрүндө качкын Бакиевдер турат десем жаңылышпайм. Алардын буйруктарын аткарып, иштерин бүткөрүп жүргөн куйруктары арабызда эле жүрүшпөйбү. Убагында баары ачыкка чыгат. Мен кандай кызматта жетекчи болуп иштебейин, таза иштедим, корко турган эч кандай ишим жок. Бирок жумушубуз ушундай экен. Убагында көптөгөн оор кылмыштардын бетин ачтык, айрымдарын камадык. Бакиевчилер чөөдөй болуп ар кайсы жактан чыгып жатышат. Менин Кыргызстанда душманым жок. Илгери Садыркуловдун үйүнө барып, кулакты ыргытып кетишкенде, Бакиев мени өзү чакырып: “бул ишти сөзсүз ачыш керек” деген тапшырма берген. Биз ал кылмышты ачтык. Бирок ал ишти Бакиевдин туугандарынын жасап койгонун биз кайдан билдик. Ошону менен мени душман көрүшүп, куугунтукка алышты. Азыр деле оңу келе калса эле мени элге жаманатты кылуу аракетин көрүп жүрүшөт. Бирок эл билет, кимдин ким экенин…

Сиз ЖАМКны 1,5 жыл башкарып, ал кызматта мурда кийин жасалбаган жакшы иштерди жасаганыңыз коомчулукка белгилүү болду.  Мисалы, түрмөлөрдү кыйла талапка келтирип, чарабасын өнүктүрдүңүз. Бирок андай мыкты иштер жасалганынан карабастан сизди  октябрдагы окуялардан кийин кызматтан алып коюшту. Буга эмне себеп болду?

— Менимче, жаңы келген бийликтегилердин да өздөрүнүн көз караштары болсо керек. Балким, мурунку президент кызматтан кетип жатып, суранган чыгар. Айтор, бул жагын бир нерсеге так баса белгилеп айтуу кыйын. Бирок мен жазаларды аткаруу кызматын колдон келишинче оңдоого аракет кылдым. Түрмөлөргө көзөмөлдү күчөтүп, тартип орноттук.  Жалпы чарбасы такыр каралбай калган экен, анысын колубуздан келишинче көтөрдүк. Мисалы, бир жылда түрмөлөрдө өндүрүлгөн. 167 миң гектар жерге айыл чарба азыктарын баарын айдап, түшүмү менен түрмөлөрдү толугу менен өзүбүз камсыздап калганбыз. Бир жылда түрмөлөрдөгү ар кыл өндүрүлгөн товарлардын көлөмү 200 млн. сомго жеткирдик. Мурда кийин андай көрсөткүч болгон эмес. Болсо да мизердик көрсөткүчтө эле болгон.  Мен кеткенден кийин текшерүүчүлөр ЖАМКнын жалпы чарбасын текшеришип, жасалган иштерди көрүп таң калышканын айтышты. Бүгүнкү күндө ар бир түрмөнүн өзүнүн чарбасы, ишканасы бар. Аракет кылып, өз эсептерине  200- 300 миң сомдон түшүрүп, жандарын багып  жатышат.  Бир гана өкүнгөнүм шаардын ичиндеги №47чи түрмө менен №1 СИЗОну гана сыртка көчүрө албай калдык. Бирок ал маселеде биздин күнөөбүз жок. Биз №47чи түрмө боюнча бүт документтерди даярдап койгонбуз. Март айынан баштап,  биринчи этап менен 50 млн. сом бөлүнмөк. Бирок пандемия башталып кетип, ал иш кечигип калды. Шаардын сыртына жаңы түрмөнү ЖАМК өз күчү менен эле салып кое алат, анткени 1000 кишиден турган ПМКсы бар. Бул ишти акырындык менен ишке ашыруу кажет.

-Соңку суроо болсун, жаңы бийлик кызматка чакырса келесизби, же шайлоого катышасызбы?

— Биз укук коргоо органдарынын кызматкери солдатпыз да.  Мамлекет тажрыйбалуу кадрларды иштетебиз десе, алардын катарында биз да барбыз. Кайсы бир структурасына керегим тийсе, иштейбиз.  Буга чейин кандай деңгээлде иштесек, мындан кийин да андан да мыкты иштөөгө аракет кылабыз. Себеби, жаңы бийлик көп тоскоолдуктарды жоюп, реформалык багыттагы иштерге жол ачат деген ишеним бар. Ал эми шайлоого катышабызбы, катышпайбызбы, аны убакыт көрсөтөт…

.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here