Кыргыз элинин  сыймыктанган инсандарынын бири, милициянын генерал –майору, спорт чебери Турганбаев  Мелис Токтомамбетович менен жаңы-жыл алдында: спорт, саясат, криминал, саясаттагы кийинки пландары жана өзүнө карата айтылган  кара пиарлар тууралуу маектештик.

-Мелис Токтомамбетович, учурда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешме иштеп жатат. Элге: “Президенттик башкаруу системасын колдойсузбу, же парламенттик башкарууну колдойсузбу?” деген суроо коюлду. Коомчулук тандоону 10-январда кылганы турат. Бул боюнча сиздин  жеке көз карашыңыз кандай?

-Мамлекетибиз президенттик башкарууну дагы, парламенттик башкарууну дагы көрдү. Бирок парламенттик башкаруу дегенибиз менен баардык маселени президент эле чечип келди да. Парламент өзүнүн ордун көрсөтө албай эле келди да. Азыр эми тандоону элдин эркине коюп жатышат. Аны да көрөлү, элдин тандоосу кандай болсо, биз деле эл менен болобуз да. Бирок эл – суу да. Ким каякка бурса, агып кетиши мүмкүн. Кокус эл тандап алган система жакшы жыйынтык бербей калса, анда эл кайра маселе көтөрүп чыгат. Биз эгемендүүлүк алган жылдардан бери туруктуу боло албай эле келатабыз. Ооба, биздин тайманбастыгыбыз, эркиндикти сүйгөндүгүбүз, акты — актай, караны — карадай айткандыгыбыз дүйнө элине жагып, бул жагынан суктантып жатабыз. Бирок бири-бирибизди буттан чалып, көрө албастыкты күчөтүп эле жатабыз. Ушунун негизинде бир эмес, 3 жолу революция болду. Анын баары шайлоого байланыштуу. Шайлоо таза өтмөйүнчө ушундай көрүнүштөр кайталана берет. Элибиз абдан  саясатчы болуп кетти. Саясатты жакшы билгени деле, билбегени деле саясатта сайрап жатышат. Мен өмүр бою укук коргоо тармагында  иштеп жүрүп, быйыл күзүндө биринчи жолу шайлоого катышып, кыска убакыттын ичинде баарын көрдүм, саясатка тоюп кеттим десем болот. Биз  саясаттагы  ойку-кайкы жолдор менен жүрө албайт экенбиз. Таза жүрөбүз, болгонун болгондой бетке айтабыз.  Биз эми күч тармагында бир сүйлөп, айтканыбызды аткарып көнгөнбүз да, саясатта болсо андай нерсе  жок, көбүнүн айтканы айткан жерде эле калат, интрига, ушак, көрө албастык да көп экен. Ошондуктан саясатта талапка ылайык тазалык болбосо өлкөнүн өнүгүшүнө кедергиси тийбей койбойт.

-Баш мыйзамдын жаңы долбоорун окуп чыксаңыз керек. Бирок азырынча чийки. Себеби, талкуу, кеңешме иштери жүрүп жатат да.  Сиз да  четте калбай укук коргоо, же башка тармак боюнча өз сунуштарыңызды айтып жатсаңыз керек…

-Мен эми кеңешмеде жокмун. Байкайшымча кеңешмеге бир топ тажрыйбалуу адамдар кириптир. Бирок  кайсы тармак болбосун иш жүзүндө иштеп жүргөн адамдардан көбүрөөк кошушса, жыйынтыгы жакшы болот деген ойдомун. Жаңы Баш мыйзамды абдан дыкааттык менен иликтеп, жазып, терең көз караш менен кабыл алып алсак деген тилегим бар. Болбосо Баш мыйзамды канча жолу алмаштырдык. Улам алмаштыра бербей алдыга жылалы да. Мага да балдар кайрылып, укук коргоо тармагына байланышкан маселелер боюнча кеп-кеңештерди сурап жатышат. Билгенибизди тажрыйбабызга таянып айтып жатам. Бирок өзүм чыгып, демилгелеп, киришкеним жок. Кандай болгон күндө да биз көп жылдан бери үзүрүн берип калган системаны түп тамырынан бери талкалап салбашыбыз керек. Маселен, азыр өнүккөн Европа мамлекеттери Советтер союзунун башкаруу системасына өтүп жатышат. Жаман болсо эч качан өтпөйт эле да.

Президенттик шайлоонун жүрүшүнө кандай баа берип жатасыз? Деги шайлоо бул ирет таза өтөрүнө ишенесизби? Коомчулуктун көбү, Садыр Жапаровго колдоо көрсөтүп жатканы байкалып жатат. Сиздин көз карашты уксак…

-Эгер шайлоо бул ирет таза өтпөсө, анда кайра эле нааразычылыктар, митиндер боло берет. Мен эле эмес, жалпы коомчулук шайлоонун таза өтөрүнө ишенип турат. Буйруса, таза өтөт деп тилек кылып  туралы. Өзүң айткандай, азыр элдин көбү Садыр Жапаровго ишеним артып, колдоп жатат. Ал киши да элдин  үмүтүн актаганга аракет кылаарын абдан баса белгилеп айтып жатат. Эл менен бирге биз да колдоп жатабыз, анын көрөлү, убакыт баарын көрсөтөт да. Эң башкысы жаңы бийлик кадр маселесине абдан дыкаттык менен мамиле  кылуу керек. Биздин мамлекетибизде көйгөй абдан көп. Экономикабыздагы кыйынчылыктар кыстап турат. Бир сөз менен айтканда,  Кыргызстан көптөгөн мамлекеттерден бир топ жылга артта калып калды. Жакында президент болуп келген адамга абдан эле оор болот. Эл дагы өз жардамын бериши зарыл. Өлкөбүздү ушул абалдан чыгарып, өнүккөн  алдыңкы мамлекеттердин катарына кошкон адам гана чыныгы улуттук лидер болот!

-Учурда УКМК баш болгон укук коргоо органдары криминалдарга каршы күрөштү күчөтүп жатат. Көлбаев баш болгон бир катар “караларды” кармашты. Бул маселени жакшы билесиз. Жыйынтыгы кандай болот?

-Негизи уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуп жүргөндөрдү, алардын башындагыларды кармап, камап коюш бат эле. Мунун кыйынчылыгы жок. Бирок камалгандан кийин анын иши тергөөдө, айрыкча сотто кандай болот? Бат эле чыгып кетпейби? Буга чейин деле андай учурлар болгон да. Азыр эми укук коргоо органдары криминалдарга каршы жакшы эле күрөш жүргүзүп жатат. Бирок соттук иштер да талаптагыдай жүрсө, ошондо жыйынтыгы жакшы болду деп айтсак болот. Дагы бир айта турчу маселе, биздин мыйзамдарда бири-бирине карама-каршы келгендери көп. 2019-жылы кабыл алынган Жаңы кодексте да бир топ алешемдиктер да аз эмес. Маселен,опер кызматкерлердин колдору байланып калган. Криминалдарга каршы мыйзамдар жумшартылып кеткен. Ошолордун баарына азыр өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Буйруса,талапка ылайык өзгөртүү киргизсе, анда жакшы болот. Биз иштеп жүргөн кезде, КМШнын министрлери чогулган учурларда, алар, биздин структураны мактап: “Бул жерлерин өзгөртпөгүлө, ушул системаны сындырып албагыла” – деп айтышчу. Албетте, мезгилдин талабына жараша өзгөртө турчу жагдайларын өзгөртүү керек. Мисалы, санариптештирүү, материалдык базаны чыңдоону да жаңы талаптар менен дегендей…

Азыр коомчулукта Жетим-Тоо кенин казып иштетүү боюнча бир топ талкуу жүрүп жатат. Бул маселе боюнча да оюңузду ортого салсаңыз?

-Жетим –Тоо кени боюнча талаш-тартыштар азыр эле башталган жок да. Көптөн бери эле болуп келатат. Жаңы бийлик талапка ылайык иштетип, экономикабызды көтөрөбүз деген демилгесин билдирип жатат. Ал эми иштетпейли, экология бузулат дегендер да чыгып жатышпайбы. Бул талаш-тартышка бир гана адистер чекит коюш керек. Мына ошол адисттер Жетим-Тоо кенин иштетсек  экологияга канчалык дегээлде зыян болоорун терең  иликтеп, элге түшүндүрүп айтышы керек. Азыр билип-билбей эле бир жактуу айтуу кыйын. Азырынча сөз боюнча эле айтылып жатат да. Эч кии Жетим-Тоону казып жаткан жери жок. Эч нерсе боло электе эле дүрбөй берген туура эмес да. Балким алардын да бир билгени бардыр, мен туура эмес айтып жаткандырмын. Кыскасы, биз мамлекетибизге, элибизге зыян келтирбешибиз зарыл. Негизи, кен байлыктарыбызды казуу иштери экологияга зыян келтирбесе, Жетим-Тоо  кени болобу, башка кендер  болобу,  айтор талапка ылайык казып, иштетип,  экономикабызды көтөрүшүбүз зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here