Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалып, сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Бул тууралуу 24-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бирок ал кайсы депутат тууралуу сөз болуп жатканын ачык айткан жок. Ал тууралуу буларды айтты:

«Ар бир аткаминерди, министрди, депутатты декларациясы боюнча текшеребиз. Биз бир депутатты кармадык. Анын аты-жөнүн азыр айтпайм. Ал сегиз жыл мурда жасаган бир чоң кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Биз ага шарт койгонбуз, ал акчанын жарымын төгүп бүттү».

Ташиев атайын кызматтын башчысы болуп октябрдагы бийлик алмашуудан кийин дайындалган. Ал мындан ары ар алты ай сайын журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалымат берип турарын айтты. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here