— Акылбек мырза, бийлик алмашкан сайын көптөгөн тармактарда, анын ичинде Саламаттыкты сактоо багытында да чоң реформалар болот деген үмүттөр көп жылдан бери ишке ашпай келет.  Октябрдан кийинки окуялардан кийин да кайрадан ушундай үмүтпайда болду. Сиз тажрыйбалуу дарыгер, жетекчи катары айтсаңыз, саламаттыкты сактоо тармагын артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, кандайдыр бир схемаларды

-Өзгөртө турган көп багыттар, көп иштер  бар. Биринчиден системаны алмаштыруу керек.  Мындайча айтканда, жапайы капитализм болуп жатат. Мисалы, ФОМСту талапка ылайык кылып, ордуна келтирүү абзел. Ошондой эле жеке менчик ооруканалардагы жаңы ыкмаларды, айрым элементтерин киргизүү керек. Биздин ооруканалардын жетекчилерге боштондук берүү керек. Колу –буту байланган. Эч нерсе кыла албайт. Тендерди такыр жоготуу керек. Тендер бул мафиялык структура. Мисалы, оорукананын ар бир жетекчиге тендери жок заманбап жабдыктарды алганга уруксат берүү жок. Кадимкидей талапты коюп,  мисалы, 10 миллион сомго медициналык аппарат алса, аны менен 100 миллион сом табасың дегендей… Биз жеке менчик клиникаларды багып жатабыз. Алар абдан кымбат баа менен элдин чөнтөгүнө сокку уруп жатышат. Мунун баарын чаржайыт кылбай, бир калпка салып, элдин саламаттыгы үчүн жакшы, жеңил шарттарды түзүп беришибиз керек да. Ар бир жетекчи Саламаттык сактоо тармагындагы көмүскө көп жагдайларды ачыкка алып чыгып, мыйзамдаштырсак, ошондо оңолуу, жаңылануу болот.

Дагы бир өзүмдүн демилге, сунушумду айтайын. Мисалы, Саламаттыкты сактоо тармагында жыл сайын 100 млрд. сомду республика боюнча майда-чүйдө ооруканаларга чейин чар жайыт кылып бөлүп салышат, же андан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ошон үүчүн мен  кезек — кезек менен кылып, бир багытка негизги акчаны бөлүп берип, ал жерди түп-тамыры менен оңдоо керек. Мисалы, быйыл  Урология борборуна берсе, эмки жылы кардиология борборуна, кийинки жылы улуттук хирургияга, анан балдар ооруканаларына… Ошентип, акчаны максаттуу, багыттуу сарптасак, жыйынтык болот эле да. Жогору жактагы жетекчилерибиз ушул маселени эске алышса, жакшы болот эле. Биз ошондой ыкма менен ашып баратса, 7-8 жылда бир топ  багыттарыбызды бутка тургузуп, өнүгүү жолуна салып алат элек да. Албетте, ооруканалардын баарына тең бир тыйын бөлүнбөсүн дегенден алысмын. Болгону эң зарыл жагдайларга гана бөлүп берип, калган негизги акчаны жогоруда айткандай ыкма менен өнүгүү жолуна салуу зарыл.

Айбек Шамшыкеев…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here