Бишкекте ири суммадагы акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Аларды ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек ШИИБдин атайын операциялар отряды, УКМКнын өкүлдөрү колго түшүргөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында: » Декабрь айында азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга жолугууга барышкан. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган. Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп, 380 000 сом талап кылган. Ал К.В. аттуу адамды атаган. Бир аз убакыт мурда С.А. андан карызга акча алганы белгилүү болгон. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу коркутуулар уланган», — деп айтылат. Көп өтпөй 100 000 сом алып жаткан учурда кылмыштуу топ кармалды. Шектүүлөр: Түп районунун 1992-жылы туулган тургуну М.А., Казакстан Республикасынын 1991-жылы туулган жараны Ц.Р.

Кармалгандардын бири — грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Царев. Анын эбир тууганы Руслан Царев жакында эле Дүйнө кубогунда коло медалга татыган. Ага аз күн мурун «Тойата» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышкан.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатында эки бир тууган  (72 кг. салмак)   финалга чыгышкан. Бирок Роман бир тууганы менен күрөшүүдөн баш тарткандан кийин, калыстар  жеңишти Русланга беришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here