Кечээ күнү 2017-жылдан бери Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп келген Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бүгүн «Ата Мекен» фракциясы бул кызматка депутат Нурбек Сыдыгалиев менен Сайдулла Нышановдун талапкерлигин карашууда. Азыр фракция ичинде сүйлөшүү жүрүп жатат. Жакынкы убакта бир талапкерди алып чыгышмакчы. Ал эми «Өнүгүү» фракциясы бул кызмат ордуна жаңы келген депутаттардын бири Улан Исмиловдун талапкерлигин көрсөттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here